Жо Байден : "Россия - Кытай мамилеси апыртылды"

Жо Байден Кытай менен Россиянын ортосундагы мамиленин акыркы мезгилдерде «абдан апыртылгандыгын» жактап, буга каршы Батыш союздаштыгынын бири бирине дагы көп жакындагандыгын айтты.

1964883
Жо Байден : "Россия  -  Кытай мамилеси апыртылды"

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Кытай менен Россиянын ортосундагы мамиленин акыркы мезгилдерде «абдан апыртылгандыгын» жактап, буга каршы Батыш союздаштыгынын бири бирине дагы көп жакындагандыгын айтты.

Расмий сапарынын негизинде Канаданын борбор шаары Оттовага барган Байден менен Канаданын премьер- министри Жастин Трюдо биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Байден Россиянын Украинага кол салуусуна карата Россияга жасалган кысым жана Украинага берилген колдоонун улантыла тургандыгын баса белгиледи.

Кытай менен Россиянын ортосунда акрыкы 10 жылда 40 жолу сүйлөшүү болгондугун белгилеген Байден бир тараптан Батыш союздаштыгынын жакындашкандыгын баса белгиледи.

Байден : «Менин оюмча биз аша чаптык. Акыркы үч айдан бери Кытайдын Россияга курал берери боюнча сөз болуп жатат. Бул азырынча ишке аша элек. Мындай нерсе болгон болсо да бул Батышты бириктирди»,- деди.

 



Тектеш кабарлар