Жаңы Зеландиянын тышкы иштер министринин Кытай сапары
Жаңы Зеландиянын тышкы иштер министри Наная Махута Кытайга болгон иш сапарынын алкагында кесиптеши Цин Ганг менен жолугушту.

Жаңы Зеландиянын тышкы иштер министри Наная Махута Кытайга болгон иш сапарынын алкагында кесиптеши Цин Ганг менен жолугушту.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, эки министрдин жолугушуусунда эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер каралды.
Өткөн жылы Кытай менен Жаңы Зеландиянын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштын 50 жылдыгын белгилешкенин эске салган Цин Ганг, эки тараптуу карым-катнаштардын ортодогу мезгилде ырааттуу түрдө өнүгүп, маданияты, социалдык системасы жана өнүгүүсү ар башка өлкөлөр ортосундагы карым-катнаштарга үлгү болгонун белгиледи.
Кытай менен Жаңы Зеландиянын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү үчүн биргелешип иштеши керектигин баса белгилеген Цин Ганг жаңыланган эки тараптуу Эркин соода келишими жана көп тараптуу Регионалдык комплекстүү экономикалык өнөктөштүк келишими (RCEP) кызматташтык потенциалын арттыруу үчүн колдонулат деген үмүтүн билдирди.
Жаңы Зеландиянын министри ошондой эле өлкөсүнүн “бир Кытай” принцибине бек экенин, Кытай менен жогорку деңгээлдеги байланыштарды жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы карым-катнаштарды бекемдеп, ар түрдүү тармактарда кызматташууну өнүктүрүүнү каалашарын айтты.
Махута Азия жана Тынч океан регионунда тынчтыкты жана стабилдуулукту сактоонун зарылдыгына басым жасады.