Украина Россиянын бир сутканын ичинде 50 жолу абадан жана 11 ракеталык кол салгандыгын жарыялады

Орус күчтөрүнүн Лиман, Бахмут, Авдиеевка, Маринка жана Шахтерск багытында чабуулдарын күчөткөндугу маалымдалды

1964924
Украина Россиянын бир сутканын ичинде 50 жолу абадан жана 11 ракеталык кол салгандыгын жарыялады

Украинанын башкы штабы Россиянын бир сутканын ичинде Украинага 50 жолу абадан жана 11 ракеталык кол салгандыгын жарыялады.

Президенттиктин билдирүүсүндө Россиянын 2022 - жылдын 24 - февралында башталган кол салууларынын уланып жаткандыгы белгиленди.

Акыркы бир суткада 50 жолу аба жана 11 ракеталык кол салуу жасалганы билдирилген маалыматта : «Россия аскерлерибиздин позицияларына жана калктуу конуштардын жарандык инфраструктурасына 75 кол салуу жасады, жарандар каза болду»,- деп билдирилди.

Билдирүүдө орус күчтөрүнүн Лиман, Бахмут, Авдиеевка, Маринка жана Шахтерск багытында чабуулдарын күчөткөндугу маалымдалды.

Россиянын Купянск жана Лиман багытындагы кол салууларынын ийгиликсиз болгондугу белгиленген билдирүүдө : «Душман Бахмут шаарына чабуулун улантууда»,- деп айтылды.

Орус армиясынын Авдиеевка, Маринка жана Шахтерс багытындагы отурукташуу жерлерине жасаган чабуулдарынын да ийгиликсиз болгондугун ортого салды.

Украина аба күчтөрүнүн акыркы бир күндө орус аскерлери көп болгон аймактарды 17 жолу аткандыгы билдирилген маалыматта булар айтылды : «Аскерлерибиз душмандын Ми- 24тик учагын жана 6 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү».

Украинанын ракеталык жана артиллериялык бөлүктөрү Россиянын 2 командалык пунктун, 2 зениттик-ракеталык системасын, 1 ок-дары комплексин жана 2 электрондук согуш станциясын жок кылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар