Норвегия жана НАТОдон Украианага колдоо

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стор Украинага туруктуу колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

1964932
Норвегия жана НАТОдон Украианага колдоо

 НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен Норвегиянын премьер-министри Йонас Гахр Стор Украинага туруктуу колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Гахр Стор менен Столтенберг НАТОнун штабындагы жолугушуусунан кийин Бельгиянын борбор шаары Брюсселде биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Столтенберг Норвегиянын 2023 – жылы Европа Арктика аймагындагы эң чоң аскердик кышкы машыгуу болгон жана кыска убакыт мурда аяктаган “Биргелешкен Викинг” сыяктуу НАТО машыгууларды өткөрүү менен Түндүк деңиздеги маселелер тууралуу берген жардамдарынан жана суу астындагы маанилүү инфраструктураны коргоодо көрсөткөн жардамынан мактоо менен сөз кылды.

Литвадагы көп улуттуу көп улуттуу согуштук топтун курамында кызмат кылуу үчүн НАТОго кошкон башка салымдары үчүн Норвегияга ыраазычылык айткан Столтенберг Нловегиянын Украинага абадан коргонуу системалары, танктар, артиллерия, ок-дарылар жана украин аскерлеринин машыгуусу сыяктуу жардамдарын да ыраазычылык менен кабыл алгандарын айтты.

Гахр Стор менен Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн да сүйлөшкөндөрүн белгилеген Столтенберг : «Түркия менен Венгриянын Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн ратификациялоого даяр болушун ыраазычылык менен кабыл аламын жана экөөнүн тең муну тез арада ишке ашыруусун үмүт кылам»,-деди.

Гарх Стор да Столтенберг менен Украинага туруктуу колдоону кантип көбөйтүшө аларын карап чыгышкандарын билдирди.



Тектеш кабарлар