Түндүк Корея «учкучсуз суу астындагы ядорлук кол салуу унаасынын» ийгиликтүү сыналгандыгын билдирди

Мамлекеттик маалымат агенттиги KCNA «жашыруун куралдын» шейшемби күнү Түштүк Хамгёонг провинциясынын сууларына ташталгандыгын билдирди.

1964772
Түндүк Корея «учкучсуз суу астындагы ядорлук кол салуу унаасынын» ийгиликтүү сыналгандыгын билдирди

Түндүк Корея жарылуу жолу менен чоң өлчөмдө радиоактивдүү цунамини пайда кыла турган жана душман буталарга жашыруун кол сала алган «учкучсуз суу астындагы ядорлук кол салуу унаасынын» ийгиликтүү сыналгандыгын жарыялады.

Мамлекеттик маалымат агенттиги KCNA «жашыруун куралдын» шейшемби күнү Түштүк Хамгёонг провинциясынын сууларына ташталгандыгын билдирди.

Жашыруун курал 80 – 150 метр тереңдикте 59 сааттан ашуун жол жүрдү жана чыгыш жээгине жакын жерде жардырылды.

Корей тилинде цунами деген мааниге келген «Хейл» деп аталган куралдын «супер масштабдуу» бир радиоактивдүү толкунду пайда кылып душман кемелерине жана портторуна кол салуу үчүн долбоорлонгондугу  белгиленди.

«Милдети операциялык сууларга жашыруун кирүү жана суу астындагы жарылуу жолу менен чоң өлчөмдүү бир радиоактивдүү цунамини пайда кылып душмандын деңиз флотун жана негизги портторун жок кылуу» болгон стратегиялык суу астындагы курал системасынын кандайдыр бир жээк, порт же кемеге жайгаштырыла алгандыгы айтылды.

Түндүк Кореянын мамлекет башчысы Ким Чен Ындын душмандын Түндүк Кореяны басып алууга карата бардык демилгесин таасирсиз абалга алып келүү жана АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик провокацияларына агрессивдүү түрдө каршы чыгууда чечкиндүү экендерин кайталады.

АКШ жана Түштүк Кореянын шаршемби күнү беш жылдын эң чоң биргелешкен машыгууларын аякташы менен Корея жарым аралындагы чыңалуу жогорулады.



Тектеш кабарлар