Испанияда жашаган мусулмандардын саны өсүүдө
Испания Ислам комиссиясынын катчысы Мохамед Ажана Рамазан айынан улам Испаниядагы мусулмандардын жалпы жашоосу жана көйгөйлөрү тууралуу Анадолу агенттигине баа берди.

Испанияда жашаган мусулман калкы акыркы 30 жылда 10 эсе өстү.
Испания Ислам комиссиясынын катчысы Мохамед Ажана, Рамазан айынан улам Испаниядагы мусулмандардын жалпы жашоосу жана көйгөйлөрү тууралуу Анадолу агенттигине баа берди.
«Испаниядагы мусулман калкынын саны акыркы 30 жылда 10 эсеге өстү. Расмий маалыматтар боюнча Испанияда 2,5 миллион, бейрасмий маалыматтар боюнча 3 миллионго жакын мусулман жашайт»,-деп айткан Ажана: «Өлкөдөгү мусулмандардын 1 миллиондон ашыгы Испаниянын жарандары, алардын айрымдары иммигранттар, калган бөлүгү толугу менен испан улутундагылар»,-деди.
Марокко, Пакистан, Бангладеш, Сенегал жана Алжирден келген мусулмандардын көпчүлүктү түзгөнүн түшүндүргөн Ислам комиссиясынын катчысы, Испаниядагы мусулман калктын басымдуу бөлүгүнүн Каталония, Валенсия, Андалусия жана Мадрид сыяктуу өнөр жайлуу аймактарда жашаганы тууралуу маалыматты бөлүштү.
Рамазан айынын дүйнөдөгү бардык мусулмандар сыяктуу Испаниядагы мусулмандар үчүн өзгөчө бир ай экенине көңүл бурган Ажана, мусулман калк эң көп топтолгон Сеута жана Мелильяда бир нече жыл мурда ээ болгон, Рамазан жана Курман айт майрамдарында мусулмандардын бир күндүк расмий эмгек өргүүсү укугун, Испаниянын берки аймактарында жашаган мусулмандар үчүн да каалагандарын билдирди.
Өлкөдө 1992-жылы кол коюлган кызматташтык келишими менен мусулмандардын социалдык жана мыйзамдуу укуктары камсыздалганын белгилеген Ажана, буга карабастан чечилишин күтүп жаткан көптөгөн көйгөйлөрдүн бар экенин айтты.
Мусулманчылыкка каршы чыгуу Европанын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Испаниядагы абалдын бир топ жакшы экенин билдирген Ажана: «Бардык нерсеге карабастан жек көрүү сөздөрүнө каршы дайыма этият болуу жана чара көрүүдөн тартынбоо керек»,-деди.