Гутерриштин Дүйнөлүк метеорология күнүнө карата билдирүүсү

Гутерриш, ар бир адамдын келечек муундар үчүн милдеттерин аткарышы керектигин айтты.

1964498
Гутерриштин Дүйнөлүк метеорология күнүнө карата билдирүүсү

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш, климаттын өзгөрүшүнүн дүйнөнү жашоого жараксыз абалга алып келгенин билдирди.

Гутерриш Дүйнөлүк метеорология күнүнөн улам жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Глобалдык жылуулукту 1,5 градустан төмөн кармай албагандыктын дүйнөнү «климаттык балээге» жакындатканын белгилеген Гутерриш, ар бир адамдын келечек муундар үчүн милдеттерин аткарышы керектигин айтты.

Энергетика жана транспорт системаларын өзгөртүү зарылдыгын баса белгилеген Гутерриш, фоссилдик отун колдонууга болгон көз карандылыкты азайтуу менен жаңылануучу энергиянын кабыл алынышы керек экенине көңүл бурду.

Гутерриш көмүр кычкыл газын азайтуу үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө каржылык жана техникалык колдоо көрсөтүү керектигин айтты.

2023-жылдын "алаксытуу эмес, трансформация жылы" болушу керектигин баса белгилеген Гутерриш: «Климаттын өзгөрүшү биздин дүйнөнү жашоого жараксыз кылып жатат. Эми биз жаратылышка каршы маанисиз согушту токтотушубуз керек»,-деди.



Тектеш кабарлар