Тунисте мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеме чөгүп кетти
Кырсыкта 5 африкалык мигранттын каза болгону, 28 мигранттын дайынсыз экени билдирилди.
1963772

Тунистин жээктеринде мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеменин чөгүп кетишинин натыйжасында 5 адам каза болуп, 28 киши дайынсыз болууда.
Тунистин жээктеринде Италияга бара жаткан мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеменин чөгүп кеткени кабарланды.
Кырсыкта 5 африкалык мигранттын каза болгону, 28 мигранттын дайынсыз экени билдирилди.
Кемеде канча мигранттын болгону азырынча белгисиз.
Тунистин Социалдык жана Экономикалык Укуктар Форумунун жооптуусу Ромадан Бен Омар өз билдирүүсүндө, жээк коопсуздук кызматкерлеринин Тунистин Сфакс жээгинде чөгүп кеткен кемедеги 5 мигрантты куткарып калганын, мигранттардын психологиялык абалынын начар экенин белгиледи.