Орусияны «террорду колдогон өлкөлөрдүн» тизмесине кошуу
Блинкен бир сессияда суроолорго жооп берди.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусияны маанилүү санкцияларды жана чектөөлөрдү алып келген «террорду колдогон өлкөлөрдүн» тизмесине кошуунун кааланбаган натыйжаларды жаратышы мүмкүн экенин айтты.
Блинкен Сенаттын ассигнование боюнча комитетинин Тышкы иштер, тышкы операциялар жана тиешелүү программалар боюнча субкомитетинде министрликтин 2024-жылдагы бюджетине байланыштуу отурумда суроолорго жооп берди.
Бир сенатордун Орусияны "террорду колдогон мамлекеттердин" тизмесине кошуунун үстүндө иштеп жатасыздарбы деген суроосуна Блинкен, Орусияга каршы көптөгөн санкцияларды киргизгендерин эске салды.
Блинкен: «Орусиянын согуш кылмыштары жана мыкаачылыктары үчүн ар түрдүү санкцияларыбыз бар. Терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесине кошуу жагымсыз кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп ойлойм»,-деди.
Москвага каршы маанилүү ар бир кадамды таштагандарын белгилеген Блинкен: «Террорду колдогон мамлекеттердин тизмесине кошууну сүйлөшүүбүз керек. Ушундай эле натыйжага жетүүнүн жакшы жолдору да бар»,-деп сереп салды.