Израилде «жарандык баш ийбөөчүлүк күнүнүн» алкагында массалык нааразылык акциялары өтүүдө

Демонстранттар өлкө боюнча 12 жумадан бери уланып жаткан демонстрациялар учурунда, өзгөчө Тель-Авивде өлкөнүн негизги артерияларында жана шаар аянттарында топ-топ болуп чогулушту.

1964285
Израилде «жарандык баш ийбөөчүлүк күнүнүн» алкагында массалык нааразылык акциялары өтүүдө
israil gosteriler2.jpg
israil gosteriler1.jpg
israil gosteriler.jpg

Израилде Биньямин Нетаньяху өкмөтүнүн сот бийлигинин ыйгарым укуктарын чектеген мыйзамдарына каршы «жарандык баш ийбөөчүлүк күнүнүн» алкагында массалык нааразылык акциялары өтүүдө.

Демонстранттар өлкө боюнча 12 жумадан бери уланып жаткан демонстрациялар учурунда, өзгөчө Тель-Авивде өлкөнүн негизги артерияларында жана шаар аянттарында топ-топ болуп чогулушту.

Тель-Авивде Израилдин желектерин көтөргөн демонстранттар өкмөткө каршы «демократия» жана «уят» деген ураандарды айтышты.

Израиль полициясы шаардагы демонстрациялардын чордону болгон Каплан көчөсүнө баруучу жолдорду жаап жатканда, демонстранттар Тель-Авив шаарынын борборундагы кээ бир кесилиштерге чогулуп, жол кыймылын токтотту.

Болгон кагылышта полиция демонстранттарга атчан бөлүктөрдү жана күч колдонуу менен кийлигишти.

Израил полициясы Тель-Авивдеги полиция бөлүмүнүн кире беришин тосуп, дубалдарын кызылга боёгон 18 кишини кармаганын жарыялады.

Өлкө боюнча ондон ашык демонстранттар, анын ичинде нааразылык кыймылынын лидерлери кармалды.

Кээ бир запастагы жоокерлердин тобу арасында болгон демонстранттар басып алынган Чыгыш Кудстагы Эски шаардын дубалдарына Израилдин желегин жана чоң баннерге басылган «Израилдин эгемендүүлүк декларациясын» илип койду.

Батыш Кудста миңдеген адам колдорунда Израиль желектери менен премьер-министрдин резиденциясына карай жүрүштү. Израилдик маалымат каражаттары полициянын Хайфадагы демонстрацияга ТОМА менен кийлигишкенин кабарлады.

Тель-Авив, Хайфа, Батыш Кудс жана Нетания сыяктуу чоң шаарларда түрдүү кесипкөй топтор менен бейөкмөт уюмдардын демонстрацияларын өлкөнүн жалпысынан ондогон пункттарында күн бою улантаары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар