Францияда көптөгөн секторлор 9 - жолу массалык иш таштоого чыкты

Францияда пенсия жашын 62ден 64кө көтөргөн талаштуу реформага каршы көптөгөн секторлор өлкө боюнча 9-жолу массалык иш таштоого чыкты.

1964230
Францияда көптөгөн секторлор 9 - жолу массалык иш таштоого чыкты
fransa emeklilik reformu gosteriler.jpg

Францияда пенсия жашын 62ден 64кө көтөргөн талаштуу реформага каршы көптөгөн секторлор өлкө боюнча 9-жолу массалык иш таштоого чыкты.

Француз басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, энергетика, транспорт жана билим берүү тармагынын кызматкерлери  парламентте добушка коюлбастан  кабыл алынган пенсия реформасына нааразычылык билдиришүүдө.

Тазалык жумушчуларынын иш таштоосунан улам борбор шаар Парижде миңдеген тонна таштанды үйүлү, транспорт тармагынын жумушчуларынын иш таштоосу поезд жана автобус каттамдарында чоң үзгүлтүккө жол ача баштады.

TotalEnergiesке караштуу Нормандия  башта болгон бир нече рафинерияда уланып жатка иш таштоолордон улам жалпы өлкөдө күйүүчү май кыйынчылыгы болууда.

40 аймактагы май куюучу жайлардын 15 пайызга жакыны “күйүүчү майдын тартыштыгынан” улам иштей калды.

Күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам көптөгөн аймактарда станциялардын алдында унаалар узун кезекке тура башташты.

Париждеги реформага нааразылык билдирип митингге чыккан демонстранттар Руаси шаарындагы Шарль де Голл аэропортунун кире беришин тосуп алышты.

Париж, Лион, Сент-Этьен, Рубе жана Нантер шаарларынын студенттер, көптөгөн университеттерде митингге чыгышты.

Өлкөдөгү мугалимдердин 50 пайызы иш таштоого катышса, Париждеги жана анын тегерегиндеги 40тан ашуун орто мектептердин окуучулары нааразылык акциясына чыгышты.

Көптөгөн шаарларда, анын ичинде Лилде жана Сен-Назерде митингчилер шосселерге жана көпүрөлөргө баррикадаларды орнотуп, кыймылды токтотушту.

Париждеги музейлер иш таштоонун алкагында зыяратчылар үчүн жабылып, жарандык авиациянын башкы директорлугу (DGAC) Париждеги Орли аэропортундагы каттамдардын 30 пайызынын эртең жана кийинки күн үчүн токтотулушун талап кылды.

Иш таштоонун негизинде миллиондогон кишинин көчөгө чыгышы жана көптөгөн шаарда, өзгөчө Парижде нааразычылык акцияларынын башталышы күтүлүүдө.

Оппозициячыл партиялар колдогон иш таштоодо  митингчилер  президент Эммануэль Макрондун талабы менен пенсиялык реформаны парламентте добуш бербестен кабыл алган өкмөттөн реформаны кайра алууну талап кылышууда.

Франциянын премьер-министри Элизабет Борне 16-мартта Конституциянын 49-беренесинин 3-пунктун парламенттен добуш берүүсүз өткөрүүгө мүмкүндүк берген пенсия реформасы боюнча мыйзам долбооруна киргизгенин жарыялаган.

Чечимден кийин жалпы өлкөдө бири биринин артынан митингдер өткөрүлүүдө.



Тектеш кабарлар