Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Израиль сынга алынды

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде мүчө мамлекеттер Израилдин отурукташуу жерлери тууралуу аракеттеринин мыйзамга терс экендигин жана бул аракеттерди дароо токтотууга чакырды.

1963938
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде  Израиль сынга алынды

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде мүчө мамлекеттер Израилдин отурукташуу жерлери тууралуу аракеттеринин мыйзамга терс экендигин жана бул аракеттерди дароо токтотууга чакырды.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде болгон Жакынкы Чыгыш сессиясында Израиль -  Палестина маселесине байланыштуу актуалдуу абалдар менен аймакта күч алган зомбулук талкууланды.

Сессияга видеоконференция жолу аркылуу катышкан БУУнун Жакынкы Чыгыш Тынчтык процессинин атайын координатору Тор Веннесленд, бардык тараптардын ыйык Рамазан айы, Пасха жана Пасах майрамы чогулган бул мезгилде чыңалууну күчөтө турган  бир тараптуу кадамдардан алыс болушу керектигин белгиледи.

Тор Веннесленд лидерлерди бул мезгилде көкүтүүчү аракеттерди токтотууга  чакырып, оккупациядагы Батыш Шериада 4 мыйзамсыз еврей отурукташуу жерлеринин кайрадан ачылышы тууралуу мыйзамды да сынга алды.

Тор Веннесленд : «Израилдин отурукташуу жерлеринин эч бир мыйзамдуу  негизи жок. Булар эл аралык укук жана БУУнун чечимдеринин ачык түрдө бузулушу. Израиль өкмөтүнө эл аралык мыйзам боюнча милдеттерин орундатуу жана бардык отурукташуу жерлери тууралуу аракеттерин дароо токтотууга чакырамын»,- деди.

Бардык зомбулук кыймылдары менен террорду айыптаган  Веннесленд жооптуулардын жоопко тартылышы жана эки тараптын тең терең кризиске түртө турган олуттуу аракеттерин токтотуусу керектигин белгиледи.

Веннесленд ыйык жерлерде көкүтүү жана чыңалууну күчөтө турган кадамдардан да тынчсыздангандыгын айтты.

Палестинанын БУУдагы туруктуу өкүү Рияд Мансур Палестина калкынын жашап жаткандыгын жана көптөгөн жылдар бул жерлерде жашоосун уланткандыгын, бардык кыйынчылыктарга карабастан «жок болбой тургандыгын» белгиледи.

Өткөн жылдын Батыш Шериа үчүн «эң кыйын жыл» болгондугун айткан Мансур көпкө созулган убакыттын алкагында алынган укук жана жетишкендиктердин баарынын көз алдында жок боло баштагандыгына көңүлдөрдү бурду.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Палестина калкын коргоосу керектигин белгилеген Мансур зомбулук жана көкүтүүлөрдүн акырына чыгышы үчүн кадамдардын ташталышы керектигин баса белгиледи.

Сессиянын алкагында сөз болгон жана араларында  Англия, Швейцария, Франция, Бириккен Араб Эмирликтери, Бразилия жана Япония сыяктуу мүчөлөр болгон делегациялар Израилдин мыйзамсыз отурукташуу иштерин айыпташты.

Катышуучулар эки мамлекеттүү чечимдин эң жакшы вариант экендигин ырасташты.



Тектеш кабарлар