Зеленский Бахмут фронтуна барды
Зеленский фронттогу жоокерлерге «мамлекеттик орден» тапшырганын айтты.





Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын Донецк облусундагы Бахмут фронтуна барды.
Зеленский Telegram баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, өлкөсүнүн Донецк аймагындагы Бахмут багытында фронттогу украин аскерлери менен жолугушканын маалымдады.
Фронттогу жоокерлерге «мамлекеттик орден» тапшырганын белгилеген Зеленский: «Бүгүн бул жерде болуу жана баатырларыбызды сыйлоо мен үчүн сыймык»,-деди.
Президент Зеленский Бахмутка 2022-жылдын 20-декабрында барган.
2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук берип, ушундайча Орусия-Украина согушу башталган.
Путин Киевдин НАТОго мүчөлүгүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө кармоо үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацисттерден тазалоону максат кылганын айткан.
Тектеш кабарлар

Пакистанда кар көчкү алдында калган адам 28 сааттан кийин куткарылды
Бийлик куткарылган үч адам ооруканага жеткирилгенин, алардын абалы туруктуу экенин белгиледи.