Украина армиясы Россиянын Бахмуттагы кол салууларына каршы турууда

АКШ Украинага эски танктарынын корпустарын жаңылап берет.

1963212
Украина армиясы Россиянын Бахмуттагы кол салууларына каршы турууда

Украинанын борбор шаары Киев аймагынын Ржищив шаарына карата Россиянын  кол салууларында 3 жаран каза болуп, 2 киши жараланды.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын Telegram эсебинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта орус күчтөрүнүн Киев аймагындагы Ржищив шаарына кол салганы белгиленди.

Эртең менен болгон кол салууда 3 кишинин каза болгону, 2 кишинин жараланганы маалымдалган билдирүүдө урандылардын астында 4 жарандын калганы да белгиленди.

Билдирүүдө окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканы, кол салуулардын натыйжасында 2 турак жай жана бир лицей имаратынын жарым-жартылай кыйрагандыгы маалымдалды. 

Украин басма сөзүндө орун алган кабарда кол салуунун учкучсуз учуучу аппараттар  менен жасалгандыгы айтылды.

Украинанын башкы штабы орус күчтөрүнүн 4 ракета жана 24 абадан кол салуу жасагандыгын билдирди.

Орус күчтөрүнүн маанилүү өлчөмдө курал жана күч жоготкондугуна карабастан аймакты колго алуу аракетинен баш тартпагандыгы белгиленди. 

Британия Украинага күчсүздөштүрүлгөн уранды камтыган курал-жарактарды теше турган ок-дарыларды берет. Снаряддардын заманбап танктарды жана брондолгон унааларды жок кылууда  эффективдүү болгону белгиленди.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Лондондун аракетине каршылык көрсөттү. Лавров мындай аракеттердин дүйнөлүк масштабдагы стратегиялык туруктуулукка зыянын тийгизгендигин айтты.

АКШ болсо Украинага эски танктарынын корпустарын жаңылап берет.

АКШнын коргоо министрлиги Пентагондон берилген маалыматта  Украинага танк  жиберүүнү ылдамдатуу үчүн жаңы Абрамс танктарынын ордуна эски танктардын жиберилери  белгиленди. 

Украина 15 миллиард 600 миллион долларлык каржы пакети үчүн Эл аралык валюта фонду менен келишим түздү.

Эл аралык валбта фондунан берилген маалыматта финансылык туруктуулукту жана экономикалык калыбына  келүүнү колдоо менен бирге 48 айлык фонддун берилиши боюнча келишимдин түзүлгөндүгү жарыяланды. 

 

 



Тектеш кабарлар