Кытайда "кум бороону" тууралуу эскертүү берилди

Кытай Улуттук Метеорология борборунан берилген маалыматта өлкөнүн түндүк жана түндүк чыгыш аймактарында жылдын эң катуу кум бороонунун күтүлүп жаткандыгы билдирилди.

1963422
Кытайда "кум бороону" тууралуу эскертүү берилди

Кытайдын түндүгүндөгү түздүк жана чөл аймактарында суук аба жана катуу шамалдын ондон ашуун аймак жана провинцияда кум бороонуна жол ачаары боюнча эскертүү берилди. 

Кытай Улуттук Метеорология борборунан берилген маалыматта өлкөнүн түндүк жана түндүк чыгыш аймактарында жылдын эң катуу кум бороонунун күтүлүп жаткандыгы билдирилди. 

Маалыматта  кум бороонунан Синьцзян-Уйгур, Нинся Хуэй жана Ички Монголия автономиялуу аймактары, Цинхай, Гансу, Шаанши, Шаньси, Хибей, Ляонин, Цилин жана Хейлоньцян провинциялары менен борбор шаар Пекин жана Тяньцзинь шаарларынын таасирленери белгиленди.

Метеорологдор түндүктөгү чөлдөр менен түздүктөрдө кыш айларында аз кар жаашынан улам жер бетинде чогулган кум жана чаңдын жаз айларында  түштүк аймактарынын эрте ысынуусу менен түндүктөн түштүккө карай соккон шамалдар менен жылып кум бороонуна себеп болгондугун маалымдашты. 

Борбор шаар Пекинде кум бороонунан улам абанын булганышы жогорку деңгээлге чыкты.

Абанын булганышындагы жогорку деңгээлдин адамдын ден соолугу үчүн "уулуу" категориясында экендиги билдирилүүдө. 

 



Тектеш кабарлар