Кытай менен Орусиянын диалогго чакыруусу...

Кытай лидери Си менен орусиялык кесиптеши Владимир Путиндин кечээки сүйлөшүүлөрүнөн кийин эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жарыяланды.

1963352
Кытай менен Орусиянын диалогго чакыруусу...

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Орусияга болгон иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн лидерлери Украина кризисиндеги чыр-чатакты токтотуп, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырышты.

Кытай лидери Си менен орусиялык кесиптеши Владимир Путиндин кечээки сүйлөшүүлөрүнөн кийин эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жарыяланды.

«Жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты координациялоону тереңдетүү жана Украина кризисин диалог аркылуу чечүү» деп аталган билдирүүдө тараптар маселени чечүүнүн эң жакшы жолунун диалог экенин баса белгилеп, чыңалууну күчөтө турган, кагылышууну узарта турган жана кризистин көзөмөлдөн чыгып кетишине себеп боло турган кадамдардан качуу керектиги айтылды.

Биргелешкен билдирүүдө лидерлер Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) жана Батыш өлкөлөрүнүн кризистеги мамилесин кыйыр түрдө сындап, «Тараптар кайсы бир өлкө же өлкөлөр тобунун,  башка өлкөлөрдүн закондуу коопсуздук кызыкчылыктарына зыян келтирүү аркылуу аскердик, саясий жана башка артыкчылыктарга ээ болушуна каршы»,деген билдирүү киргизилди.

Орус тараптын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө мүмкүн болушунча тезирээк кайтууга болгон чечкиндүүлүгүн баса белгиленип, Кытайдын Украина кризисинин саясий жана дипломатиялык жол менен чечилиши үчүн конструктивдүү ролду ойноо эрки менен бул багыттагы сунуштарын жогору баалаары белгиленди.

Бир тараптан Орусиянын лидери Владимир Путин декларацияга кол коюлгандан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн улантылышы темасында дагы так позициясын билдирди.

Кытай алдыга койгон тынчтык планынын көптөгөн жоболорунун Орусиянын мамилеси менен шайкеш келгенин белгилеген Путин: «Биз (сунуштарды) Батыш менен Киев даяр болгондо тынчтык жолу менен чечүү үчүн негиз катары колдонсо болот деп ойлойбуз. Бирок азырынча алар буга даяр экенин көрө элекпиз»,-деди.

Америка Кошмо Штаттарынын жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө, лидерлердин Украина боюнча сунуштарынын согуштун жакын арада бүтөөрүнө чоң үмүт бербегени белгиленди.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыш  координатору Жон Кирби тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставынын максаттары жана принциптери сакталышы керектигин жана бул Орусиянын БУУнун башка мүчөсү болгон Украинанын аймагынан чыгып кетүүсү керектиги түшүнүгүн бергенин баса белгилеп:« Эгер Кытай конструктивдүү роль ойногусу келсе, Орусияга Украинадан чыгып кетиши үчүн кысым көрсөтүшү керек»,-деди.



Тектеш кабарлар