Израилдин ашынган улутчул министрине каршы чыгуулар...

Наблустун Хувара шаарчасына жөөт отурукташкандардын кол салууларына колдоо көрсөткөн Израилдин министри палестиналыктардын бар экенин да четке какты.

1963390
Израилдин ашынган улутчул министрине каршы чыгуулар...

Израилдин ашынган улутчул каржы министри Безалел Смотрих чуулгандуу билдирүүлөрү менен каршы чыгууларды тартууда.

Наблустун Хувара шаарчасына жөөт отурукташкандардын кол салууларына колдоо көрсөткөн Израилдин министри палестиналыктардын бар экенин да четке какты.

Бул жолу Смотрихтин талаштуу сөздөрүнө Франциядан реакция болду.

Франциянын Тышкы иштер министрлиги бул билдирүүлөр «жаман» жана «жоопкерчиликсиз» экенин белгиледи. Израилдин өкмөтүндө жогорку бийликке ээ болгон адамдардын татыктуу иш алып баруусу керектигине көңүл бурулду.

Билдирүүдө башкалардын кадыр-баркын сыйлоого жана чыңалууну күчөтө турган ар кандай сөздөрдөн алыс болууга чакырды.

Израиль парламенти 2005-жылы эвакуацияланган 4 мыйзамсыз конуштарды кайра ачуу мыйзамын жактырды.

Жаңы мыйзам басып алынган Батыш Шериадагы 10 миңге чейин эвакуацияланган жөөт отурукташкан жерине кайтарылышын камсыз кылууну көздөйт.

Европа Биримдиги (ЕБ) мыйзамды жокко чыгарууга чакырды.

Евробиримдиктин жогорку өкүлү Жозеп Борреллдин кеңсесинен жасалган билдирүүдө бул чечимдин чыңалууну азайтуу аракеттерине терс таасир тийгизгени баса белгиленди.



Тектеш кабарлар