Япониянын премьер-министри Киевде
Зеленский социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Япониянын премьер-министри Кишида Фумио менен жолугушту.
Зеленский социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасап, "эл аралык тартиптин күчтүү коргоочусу жана Украинанын эски досу" Кишида менен Киевде саламдашканына кубанычта экенин билдирди.
Зеленский: «Премьер-министр Кишида, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын максаттары менен принциптерин жана жалпысынан эл аралык коопсуздукту жактоо үчүн дүйнөлүк лидерликти активдештирүү маанилүү болуп турганда Украинага келди»,- деди.
Япониянын Тышкы иштер министрлиги, премьер-министр Кишиданын май айында Хиросимада өткөрө турган Чоң жетиликтин лидерлер саммитинин алдында өлкөсүнүн Украинага карата чечкиндүү колдоосуна басым жасай турганын билдирген болчу.
Япониянын премьер-министри Кишида Украинадан кийин расмий сапарынын алкагында Польшанын борбор шаары Варшавага барды.
Кишида Варшавада польшалык кесиптеши Матеуш Моравецки менен жолугушту.