ДССУ жана ЮНИСЕФ бүткүл өлкөлөргө орчундуу чакырык таштады

ДССУ жана ЮНИСЕФ биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, дүйнө жүзү боюнча 2 миллиардга жакын адам таза ичүүчү сууга жетишпей жатканын жана болжол менен 3,6 миллиард адам саркынды сууну тазалай албаган тазалык кызматтарын колдонуп жатканын билдирди.

1963714
ДССУ жана ЮНИСЕФ бүткүл өлкөлөргө орчундуу чакырык таштады

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) бардык өлкөлөрдү коопсуз башкарылган ичүүчү суу, санитария жана гигиеналык кызматтарды ишке ашыруу үчүн өз аракеттерин радикалдуу тездетүүгө чакырды.

ДССУ жана ЮНИСЕФ биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, дүйнө жүзү боюнча 2 миллиардга жакын адам таза ичүүчү сууга жетишпей жатканын жана болжол менен 3,6 миллиард адам саркынды сууну тазалай албаган тазалык кызматтарын колдонуп жатканын билдирди.

Билдирүүдө, «Миллиондогон балдар жана үй-бүлөлөр кол жуу үчүн самын,жетиштүү ичүүчү суу, санитария жана гигиена кызматтарынан пайдалана алышпайт. Жыл сайын кеминде 1,4 миллион адам кооптуу суу жана начар санитария менен байланышкан алдын алса боло турган себептерден улам каза табат. Мисалы, холера учурда ондогон жылдар бою эпидемия болбогон өлкөлөрдө жайылып жатат»,деген маалыматтар камтылган.

Суу жана канализация кызматтарынын жетишсиздигинин социалдык жана экономикалык кесепеттеринин кыйратуучулугу белгиленген билдирүүдө, «Бул маанилүү кызматтарсыз (коопсуз жана адекваттуу ичүүчү суу, санитария жана гигиена) адамдар ооруп, балдардын билим алуусу начарлап, бүтүндөй коомчулуктар суунун жетишсиздигинен улам көчүп кетиши мүмкүн»,деген баалоо жүргүзүлдү.

Бардык өлкөлөрдү коопсуз башкарылуучу ичүүчү сууну, санитарияны жана гигиенаны ишке ашыруу үчүн өз аракеттерин түп-тамырынан бери күчөтүүгө чакырган билдирүүдө, турмушка жарамдуу чечимдер жана аларды иш-аракетке айландыруу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк экендигине көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар