Түштүк Корея Япония менен карым - катнаштарды оңдогусу келет

Кабинет жыйынында сөз сүйлөгөн Юн Сук Ёл Япония менен эки тараптуу карым  - катнаштарга токтолду.

1963010
Түштүк Корея Япония менен карым  - катнаштарды оңдогусу келет

Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Юн Сук Ёл Япония менен карым  - катнаштарда өткөн күндөрдүн артта калтырылышы жана алдыга жылуу керектигин айтты.

Кабинет жыйынында сөз сүйлөгөн Юн Сук Ёл Япония менен эки тараптуу карым  - катнаштарга токтолду.

Юн Сук Ёл : «Япония менен карым  - катнаштар өткөн күндөр артта калсын. Түштүк Корея  -  Япония бирдикте иштеген жана эки өлкө да кирешелүү чыга турган карым  - катнашка ээ боло алат, болушу керек»,- деди.

Юн Японияны жеңилдетилген соода статусун алган өлкөлөрдүн “ак тизмесине” кайра киргизүү үчүн керек болгон мыйзамдуу кадамдардын ташталышы үчүн  көрсөтмө берерин белгиледи.

Түштүк Корея жана Япониянын эки тараптуу карым  - катнаштардын өнүгүшүнүн алдындагы тоскоолдуктардын жоюлушу керектигин белгилеген Юн : «Тоскоолдуктарды биз жойо турган болсок, Япония да буга жооп берет»,- деди.

Юн өкмөттүн мажбурлоо менен иштетилген жумушчулар маселесине карата чыгарган фонд чечими тууралуу адамдардын түшүнүктүү болушун каалап  : «Курмандыктардын жана азалуу үй  - бүлөлөрдүн азабын жеңилдетүү үчүн колубуздан келгендин эң мыктысын жасайбыз»,- деди.

Токиодо болгон саммитте Япониянын премьер  - министри Кишидо Фумио  менен жолугушуусуна да токтолгон Юн : «Япония өткөн тарых маселелери үчүн ондогон жолу бушайман болгондугун жана кечирим сурагандыгын ансыз да билебиз»,- деди.

Япониянын Корея жарым аралын колониялаштырган 1910 -  1945 – жылдары  «мажбурлоо менен иштетилген кореялык жумушчулар» темасы Чыгыш Азиянын эки коңшусунун арасындагы курч маселе катары билинүүдө.

Сеул башкаруусу 35 жылдык колония мезгилинде 780 миң кореялыктын япон фирмалары тарабынан мажбурлоо менен иштетилгендигин айтууда.

Токио өкмөтү болсо гнат жана кредит жолу менен 800 миллион долларга жакын компенсация пакетин камтыган 1965-жылдагы меморандумдун маселени чечкендигин жактап жатат.  

Түштүк Корея 12 -  январда Япониянын Корея жарым аралындагы колониячыл башкаруу мезгилинде мажбурлоо менен жана маянасыз иштеген жумучуларды компенсациялоо үчүн фонд түзүүнү пландап жатканын жарыялады.

Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Юн Сук Ёл Япониянын  «мажбурлоо менен иштетилген кореялык жумушчуларга» карата компенсация төлөөнү япон фирмаларынын колдоосу болбостон өздөрүнүн жасай турганлдыгын билдирген.



Тектеш кабарлар