Түркия-Орусия жаратылыш газ борборун түзүү долбоору

Песков борбор шаар Москвада актуалдуу темалар тууралуу журналисттерге маалымат берди.

1962414
Түркия-Орусия жаратылыш газ борборун түзүү долбоору

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Түркия менен Орусиянын жаратылыш газ борборун түзүү долбоору темасында кызматташтыгын уланта турганын айтты.

Песков борбор шаар Москвада актуалдуу темалар боюнча журналисттерге маалымат берди.

Түркия менен Орусиянын ортосунда жаратылыш газ борборунун түзүлүүсүнө байланыштуу долбоорго токтолгон Песков, бул темада иш-аракеттердин уланып жатканын белгиледи.

Песков: «Мунун абдан татаал иш экени анык. Бул долбоордо бир аз кечигүү, техникалык же башка мүнөздөгү кээ бир көйгөйлөр болушу мүмкүн. Түрк өнөктөштөрүбүз менен бирге бул жааттагы иш-аракеттерибизди жана кызматташуубузду улантабыз»,- деди.

Эл аралык Кылмыш Сотунун (ICC) Орусиянын президенти Владимир Путин менен Орусиянын балдардын укуктары боюнча комиссары Мария Львова-Белованы камакка алуу буйругуна сереп салган Песков, дүйнөдө Орусия жана Путинге карата душмандык мамиленин бар экенин айтты.

Песков: «Баардык нерсени эске алуудабыз. Иш-аракеттерди улантып жатабыз. Президент да өз ишин улантууда»,-деди.



Тектеш кабарлар