Путин: «Дан жана жер семирткичтер Европа эмес, Африкага барышы керек»
Путин «Орусия-Африка көп уюлдуу дүйнөдө» конференциясында Түркия, Украина, Орусия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортосунда 22-июлда Стамбулда кол коюлган Дан коридору келишиминин узартылышына байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөсүнүн Дан коридору келишиминдеги талаптарынын аткарылышы керектигин айтты.
Путин «Орусия-Африка көп уюлдуу дүйнөдө» конференциясында Түркия, Украина, Орусия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортосунда 22-июлда Стамбулда кол коюлган Дан коридору келишиминин узартылышына байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.
Бул келишимдин пакет катары кол коюлганына көңүл бурган Путин: «Биринчиден, биз бул келишим Африканын жана башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн пакет болушун талап кылабыз. Бул өлкөлөр азык-түлүк өнүмдөрүнө көп муктаж. Биз Орусиянын бул маселе боюнча бардык негизги талаптарынын аткарылышын каалайбыз. Дан жана жер семирткичтер жакшы азыктанган Европа өлкөлөрүнө эмес, Африкагадагы муктаж мамлекеттерге барышына маани берүү керек»,-деп айтты.
Путин келишим боюнча Украинадан ташылган эгиндин 45 пайызы Европа өлкөлөрүнө, 3 пайызы гана Африкага кеткенине токтолуп: «Дан коридору келишими биздин позициябыз эске алынганда гана адилеттүү жана ар тараптуу ишке ашат. Ошого жараша келечекте катышуубузду чечебиз. Бирок 60 күндөн кийин келишимди узартпоону чечсек, Орусиядан муктаж болгон Африка өлкөлөрүнө мурунку мезгилде жөнөтүлгөн бардык өнүмдөрдү бекер берүүгө даярбыз»,-деп айтты.
Африка өлкөлөрү менен кызматташууга маани бергендерин билдирген Путин, бул өлкөлөрдүн Орусияга болгон 20 миллиард доллардан ашык карызын кечкендерин айтты.
Путин: «Африкалык мамлекеттер дүйнөлүк иштерде салмагын жана ролун тынымсыз жогорулатып, саясат жана экономика тармагында өздөрүн ишенимдүү ачып жатышат. Биз Африка жаңыдан түзүлгөн көп уюлдуу дүйнөлүк тартиптин лидерлеринин бири болот деп ишенебиз»,-деди.