Ири балыр Флоридага жылып баратат
Балырлардын салмагы болжол менен 20 миллион тонна.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) туурасынан эки эсе чоң деңиз балырлары Флориданын жээктерин жана Мексика булуңундагы башка жээк тилкелерин көздөй баратат.
Деңиз балырларынын өзгөчө түрү болгон саргассум, Атлантика океанында көптөн бери гүлдөп келген жана окумуштуулар 2011-жылдан бери балырларга байкоо жүргүзүп келишет.
Флорида Атлантика университетинин Харбор филиалынын океанография институтунун изилдөөчүсү доктор Брайан Лапойнт, быйылкы саргасс гүлдөрү эрте пайда болуп, декабрь-январь айларында эки эсе көбөйгөндүгүн айтты.
Салмагы болжол менен 20 миллион тонна болгон Улуу Атлантика Саргассуму космостон көрүүгө боло тургандай чоңдукта.
Батышты көздөй бараткан балырлар блогу Кариб деңизи аркылуу өтүп, жай мезгилинде Мексика булуңуна чейин жетет.
Лапойнт, деңиз балырынын Флоридадагы пляждарда июль айларында пайда болушунун күтүлүп жатканын айтты.
«Бул Кариб деңизинин аймагындагы туризм үчүн чындап эле чоң көйгөй жана пляждарда топтолуп жатат»,-деди Лапоинте.
Мексикадагы мейманканалар жана турак жай ишканалары деңиздердеги саргассумдан кутулуу үчүн жыл сайын миллиондогон долларларды коротушат.
Тектеш кабарлар

Байден студенттердин бүтүрүү аземинде сахнада жерге жыгылып түштү
Байден сахнада жансакчыларынын жана Аба күчтөрүнүн офицеринин жардамы менен ордунан турду.