Европадан Түркияга колдоо
Брюсселде Эл аралык донорлор конференциясы өтүп жатат.

Европа Комиссиясы Түркияга жер титирөөдөн кийинки калыбына келтирүү иштерине 1 миллиард евро колдоо көрсөтөт.
Европа Биримдиги Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Түркия жана Сириядагы жер титирөө аймактарына каржылык колдоо чогултуу максатында Эл аралык донорлор конференциясын уюштурууда.
Еврокомиссиянын төрайымы фон дер Ляйен конференциянын ачылышында, Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон жер титирөө аймактарына колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Ляйен: «Европа комиссиясы жер титирөөдөн кийинки калыбына келтирүү иштери үчүн Түркияга 1 миллиард евро колдоо көрсөтөт»,-деди.
Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон да: «Көзү өтүп кеткендерди тирилте албайбыз, бирок тилектештигибизди көрсөтө алабыз» деп айтып, Швеция катары гуманитардык жардамды жана реконструкцияны колдоо үчүн 500 миллион швед крону (45 миллион евро) убада кылышканын билдирди.
Тектеш кабарлар

Кытай АКШнын жолугушуу сунушун четке какты
АКШнын Коргоо департаментинин (Пентагон) басма сөз катчысы генерал Патрик Райдер маалымат берди.