Боррелл Украинага керектүү аскердик ок-дарыларды бере тургандарын айтты

Боррелл Бельгиянын борбор шаары Брюсселде ЕБге мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан мурда басма сөзгө билдирүү жасады.

1962410
Боррелл Украинага керектүү аскердик ок-дарыларды бере тургандарын айтты

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл, Украинага керектүү аскердик ок-дарыларды бере тургандарын айтты.

Боррелл Бельгиянын борбор шаары Брюсселде ЕБге мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан мурда басма сөзгө билдирүү жасады.

Дүйнөдө болжол менен 350 миллион адамдын өтө жакыр жана кооптуу абалда экенине көңүл бурган Боррелл, бул адамдардын Орусия-Украина согушунан мурда начар абалда болгонун, бирок согуш менен гуманитардык абалдын өтө кооптуу болуп калганын баса белгиледи.

Украинадан дан жана азык-түлүк экспорту үчүн Дан коридору келишиминин узартылышына байланыштуу Боррел : «Бул дипломатиялык аракети үчүн Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Түркияны куттуктайбыз»,-деди.

Дан коридору келишиминин «кечиктирбестен» ишке ашырылышы керектигине көңүл бурган Боррел, антпесе каза болгондор болоорун белгиледи.

Боррел жолугушуунун биринчи бөлүгүндө Украинадагы абал, акыркы окуялар жана Украинаны кандай колдой тургандары талкуулана турганын айтты.

Боррелл Украинанын коргонуусун улантуусу үчүн 2 миллиард еврого жакын ок-дарыларды берүү үчүн үч этаптуу мамилеси бар экенин белгиледи.

Биринчи этапта Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн колундагы ок-дарылардын Украинага жиберилерин, экинчи этапта дагы көп өндүрүш жасала турганын белгилеген Боррелл үчүнчү этапта дагы көп өндүрүш үчүн өнөр жай кубаттуулугунун өнүктүрүлө турганын түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар