Украина аннексияланган бардык территориялардын бошотулушу жөнүндө...

Министрликтин билдирүүсүндө Орусиянын Крымдын макамы боюнча референдум деп аталган иш-чара өткөргөнүнө 9 жыл болгондугу белгиленди.

1961856
Украина аннексияланган бардык территориялардын бошотулушу жөнүндө...

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Орусия аннексиялап алган бардык аймактар ​​сөзсүз бошотуларын, бул убакыт маселеси экенин билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө Орусиянын Крымдын макамы боюнча референдум деп аталган иш-чара өткөргөнүнө 9 жыл болгондугу белгиленди.

Орусиянын Украинада 2014 жана 2022-жылдары өткөргөн референдумдарынын эч кандай административдик натыйжа бербегенине көңүл бурулган маалыматта, «2022-жылы референдум өткөн аймактардын көбү Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан бошотулган. Убактылуу оккупацияланган башка бардык аймактарды бошотуу албетте ишке ашат. Бул убакыт маселеси»,делди.

Украинанын аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу эл аралык коомчулуктун, анын ичинде Эл аралык Крым платформасынын катышуучуларынын ачык жана кыйшаюусуз колдоосуна басым жасалган билдирүүдө, Украинанын «Орусияны жана анын администрациясын Украинада агрессия, аскердик жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн жазалоо үчүн бардык аракеттерин көрүүнү улантууда»,- деп айтылат.



Тектеш кабарлар