Пакистанда сел каптап 10 киши каза болду
Dawn гезитиндеги кабарга караганда Хуздар, Зоб жана Аваран аймактарында кечээ кечинде башталган катуу жамгыр селге себеп болду.
1961834

Пакистандын Белужистан провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон сел апаатынын кесепетинен 10 киши каза болду.
Dawn гезитиндеги кабарга караганда Хуздар, Зоб жана Аваран аймактарында кечээ кечинде башталган катуу жамгыр селге себеп болду.
Калат районунан Аваранга барууну каалаган жана бир үй-бүлөдөн 8 адам болгон унааны суу агызып кеткен. Окуяда 2 бала жана 3 аял болгон сегиз адам каза болду.
Зоб аймагында 2 адам селден каза болду.
Селге түшкөн 10 майда мал да кырылып калды. Аймактагы айрым кирпич үйлөр эзилип кеткен.
Тектеш кабарлар

Песков: «Эрдоган менен Путин жакынкы аралыкта жолугушат»
Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берди.