Украинанын премьер - министри дан коридору келишимине байланыштуу баа берди
Украина өкмөтүнүн басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда премьер-министр Шмигал өкмөт жыйынында дан коридору келишимине байланыштуу баа берди.

Украинанын премьер-министри Денис Шмигал дан коридору келишиминин мөөнөтсүз болушун талап кылгандарын айтты.
Украина өкмөтүнүн басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда премьер-министр Шмигал өкмөт жыйынында дан коридору келишимине байланыштуу баа берди.
Украинанын дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугунун негизги ачкычтарынын бири экенин белгилеген Шмигал : "Ушул себептен дан келишиминин мөөнөтсүз болушунда жана автоматтык түрдө 120 күнгө узартуу тууралуу катуу турабыз",- деди.
Шмигал Түркия менен Бириккен Улуттар Уюмунун да мындай мамилени колдогонуна көңүл бурур : "Чабуулчунун (Орусия) келишим мөөнөтүн кыскартуу аракети дагы көп шантаж кылуу жана глобалдык азык-түлүк кризисти курчутуу үчүн жасалган манипуляция. Буга жол берилбеши керек",- деди.
Дан коридору келишими Түркия, УКраина, Россия жана БУУнун арасында 2022 - жылы 22 - июлда Стамбулда түзүлгөн.
2022 - жылы 19 - ноябрдан тарта 120 күндүк мөөнөт менен узартылган келишим бүгүн акырына чыгат.
Тектеш кабарлар

Франция дагы бир чуулгандуу жосунду баштады
Франция Сенатында өткөрүлгөн иш-чарага негизин террор уюму ПКК/ЙПГ түзгөн SDG мүчөлөрү чакырылды.