Россия Британиянын 23 жаранына санкция салды

Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

1961610
Россия  Британиянын 23 жаранына санкция салды

Россия Британиянын аскердик жетекчилери да болгон 23 жаранынын өлкөгө киришине тыюу салды.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Британиянын кээ бир орус жарандарына жана ишканаларына каршы бир тараптуу санкцияларды киргизгендиги,   Украинага аскердик техникалык колдоо көрсөткөндүгү белгиленди. Ушул себептен  Британиянын 23 жаранынын  Россияга кирүүсүнө тыюу салынганы баса белгиленди.  Алардын арасында Украина аскерлерин машыктырган аскерлер, айрым маалымат каражаттары, сот жана түрмө өкүлдөрүнүн да бар экендиги маалымдалды.

Россия өткөн жылы биринчи кезекте британиялык журналисттер, коргонуу өнөр жайынын жетекчилери жана аскер кызматкерлеринен турган 49 кишини; андан кийин Британиянын мурдагы премьер-министри Дэвид Кэмерон баш болгон 39 Британия жаранынын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган.

 

 



Тектеш кабарлар