Мартин Гриффитс дан келишимин сактап калуу үчүн бардык нерсенин жасалып жаткандыгын жарыялады

2022 – жыл 19 -ноябрдан тарта 120 күндүк мөөнөт менен узартылган келишимдин мөөнөтү бүгүн толот.

1961648
Мартин Гриффитс дан келишимин сактап калуу үчүн  бардык нерсенин жасалып жаткандыгын жарыялады

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча жардамчысы жана чукул жардам боюнча координатору Мартин Гриффитс Дан коридору келишимин сактап калуу үчүн мүмкүн болгон бардык нерсенин жасалып жатканын жарыялады.

Гриффитс БУУнун Коопсуздук Кеңешинде бүгүн мөөнөтү акырына чыга турган Дан коридору келишими боюнча баа берип : «Баш катчыбыз Антонио Гутерреш жетектеген Бириккен Улуттар Уюмунун Кара деңиздеги дан демилгесин улантуу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатат»,-деди. Гриффитс бардык тараптар менен жакын карым- катнаштарды түзүүнү улантышкандарын баса белгиледи.

Дан коридору келишими Түркия, Украина, Россия жана БУУнун ортосунда 2022 -жылы 22 -июлда Стамбулда түзүлгөн.

2022 – жыл 19 -ноябрдан тарта 120 күндүк мөөнөт менен узартылган келишимдин мөөнөтү бүгүн толот.

 



Тектеш кабарлар