Эл аралык кылмыш соту Путин тууралуу камоо чечимин чыгарды

Эл аралык кылмыш соту Россиянын президенти Владимир Путин менен Россиянын Балдар укуктары боюнча комиссары Мария Алексеевна Львова-Белованы согуш кылмыштары үчүн камакка алуу чечими чыгарылгандыгын жарыялады.

1961606
Эл аралык кылмыш соту Путин тууралуу камоо чечимин чыгарды

Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) Украинада жасалган кылмыштарды иликтөөнүн алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен Россиянын Балдар укуктары боюнча комиссары Мария Алексеевна Львова-Белованы согуш кылмыштары үчүн камакка алуу чечими чыгарылгандыгын жарыялады.

Эл аралык кылмыш сотунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Путин менен Львова-Белова тууралуу 2022 -  жылы 24 -  февралда башталган Россия  -  Украина согушунда украиналык балдарды уурдоо кылмышынан камакка алуу чечиминин чыгарылгандыгы билдирилди.

Билдирүүдө украиналык балдарды Россияга мыйзамсыз түрдө алып баруу кылмышына эки шектүүнүн катыштыгынын бар экендиги белгиленип, Путиндин көзөмөлүндөгүадамдардын бул кылмышты аткарууда тоскоол болбоду деген негиз менен жооптуу экендиги айтылды.

Билдирүүдө камоо чечиминин жабырлануучуларды коргоо үчүн жашыруун сакталууга багытталгандыгы бирок азыркы учурда кылмыштар улантылып жаткандыктан соттун жаңы кылмыштарды алдын алуу максатында чечимди коомчулук менен бөлүшкөндүгү белгиленди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Эл аралык кылмыш сотунун чечимине байланыштуу билдириүүсүндө маселени формулировкалоону кабл алынгыс деп тапкандарын белгилеп : «Россия айрым мамлекеттер сыяктуу бул соттун юрисдикциясын тааныбайт. Ошондуктан мындай чечим мыйзам жагынан алганда Россия Федерациясы үчүн жараксыз»,- деди.

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова да соцтармактан : «Эл аралык кылмыш сотунун чечимдеринин мыйзамдык жактан өлкөбүз үчүн эч бир мааниси жок. Россия, Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутунун катышуучусу эмес жана ага ылайык эч кандай милдеттенмеси жок»,- деп баа берди.

Эл аралык кылмыш соту камоо чечимин чыгарган Россиянын Балдар укуктары боюнча комиссары Мария Алексеевна Львова-Белова да берген билдирүүсүндө : «Эл аралык коомчулуктун өлкөбүздүн балдарга жардам берүү үчүн аткарылган иштери, аларды согуш аймактарында таштабашыбызды, ал жерден чыгаруубузду, алар үчүн жакшы шарттарды жаратуубузду, аларды сүйгөн, маани берген адамдар менен курчообузду колдоосу абдан жакшы нерсе»,- деди.

Украинанын премьер-министри Денис Шмигал социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Эл аралык кылмыш сотунун бул чечимин «адилеттикке карай маанилүү кадам» деп сыпаттады жана : «Путин бул жана башка агрессивдүү кылмыштар үчүн жооптуу. Террордук мамлекеттин башчысы сотко келип, Украинага каршы бардык кылмыштары үчүн жооп бериши керек»,- деди.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба да Эл аралык кылмыш сотунун чечимин колдогондугун белгиледи.



Тектеш кабарлар