Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Кореяга кыр көрсөттү

Ким Чен Ын кечээ ишке ашкан континенттер аралык баллистикалык ракета сыноосунан кийин билдирүү жасады.

1961175
Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Кореяга кыр көрсөттү

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, Корей жарым аралында жана айланасында тез-тез ири масштабдагы аскердик машыгууларды өткөрүп жаткан АКШ жана Түштүк Корея менен күрөшүн уланта тургандарын билдирди.

Ким Чен Ын кечээ ишке ашкан континенттер аралык баллистикалык ракета сыноосунан кийин билдирүү жасады.

Машыгууга жеке өзү көз салган Ким Чен, узак мөөнөттүү коопсуздук саясаттарында эч кандай өзгөрүү болбогонун белгилеп, «душмандарды коркутуу жана өзөктүк согуштун тоскоолдугун артка кайткыс түрдө күчтөндүрүү менен элдин тынч жашоосун камсыз кылуу» зарылдыгын баса белгиледи.

Түндүк Кореяга ачык-айкын душмандык кылып, Корей жарым аралы жана айланасында тез-тез ири масштабдуу аскердик машыгууларды уюштурган АКШ жана Түштүк Корея менен күрөшүүнү уланта тургандарын белгилеген Ким Чен, душманга каршы саясаттарынын Түндүк Кореяга карата аскердик аракеттеринин алар үчүн кайтарылгыс жана олуттуу коркунуч туудурарын түшүнүүлөрүн билдирүү экенин баса белгиледи.

Ким Чен өзөктүк куралга өзөктүк курал менен, фронттогу жаңжалга фронттук жаңжал менен жооп кайтара тургандарын айтты.

Кечээ Япониянын борбор шаары Токиодо өткөрүлгөн тарыхый Япония-Түштүк Корея саммитинин алдында Түндүк Кореянын континенттер аралык баллистикалык ракета учурушу аймактагы чыңалууну күчөткөн.

Аскердик машыгуунун алкагында учурулган Хвасон-17 континенттер аралык баллистикалык ракетасы ийгиликтүү сыналган болчу.



Тектеш кабарлар