Парижде тазалык кызматкрелери мажбурлоо менен иштетилүүдө
Ички иштер министри Гералд Дарманин Француз радиосу RTLга маалымат берди.
Франциянын борбор шаары Парижде коопсуздук директорлугу шаардагы миңдеген тонна таштандынын элдин саламаттыгына коркунуч туудурууда деген негиз менен иш таштаган тазалык кызматкерлерин мажбурлоо менен иштете баштады.
Ички иштер министри Гералд Дарманин Француз радиосу RTLга берген маалыматта таштандыларды тазалоо үчүн Париж муниципалитетинин аракетке өтпөшү менен коопсуздук директоруна иш таштаган жумушчулардын бир бөлүгү үчүн «мажбурлоо менен иш баштатуу» процедурасын ишке ашыруу көрсөткмөсүн бергендигин жарыялады.
Дарманин процедуранын эрте менен ишке киргендигин жана коопсуздук директорлугу тандаган кишилердин таштандыларды тазалай баштагандыгын айтты.
Францияда «мажбурлоо менен иш баштоо» процедурасынын негизинде коомдук тейлөөнүн улантылышын же коомчулуктун муктаждыктарын олуттуу түрдө бузган иш таштоодо жумушчулардын бир бөлүгү жумушка кайтып келүүгө аргасыз болушу мүмкүн. Буга каршы чыккан жумушчулар болсо 6 айга чейин абак жана 10 миң евро акчалай жаза берилиши мүмкүн.
Өкмөт пенсия курагын 62ден 64кө чейин чыгарууну максат кылган жана январь айынан бери өлкө боюнча 8 жолу массалык иш таштоого себеп болгон реформага каршы Парижде тазалык жумушчулары бул айдын башында иш ташташкан.
Тектеш кабарлар
Путин президенттик күбөлүгүн алды
Кремль сарайынан берилген маалыматка караганда Путин Памфилова менен кеңсесинде жолугушту.