Ирак күрт аймактык башкаруусу : "Кырсыкка учураган тик учактагылардын айрымдары ПКК мүчөлөрү"

Ирак күрт аймактык башкаруусу кечээ Духокто кырсыкка учураган тик учактагылардын бир бөлүгүнүн ПКК террордук уюмунун мүчөлөрү экендигин жарыялады.

1960801

Ирак күрт аймактык башкаруусунун Террор менен күрөшүү бөлүмү расмий Фейсбук баракчасынан Духоктун Чеманке аймагында кырсыкка учураган тик учак тууралуу маалымат берди.

Маалыматта : «Коопсуздук күчтөрү тик учак тууралуу алдыңкы териштирүүнү баштады жана биринчи табылгалар тик учактын Eurocopter AS350 үлгүсүндө экендиги жана каза болгондордун айрымдарынын ПКК террористтери экендигин көрсөтүүдө. Тик учактын кимге таандык экендигин так аныктоо үчүн кенен түрдөгү териштирүү улантылууда»,- деп билдирилди.

Улуттук Коргоо министрлиги кечээки билдирүүсүндө, кээ бир социалдык медиа эсептериндеги  : «Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык тик учак Ирактын түндүгүндө кырсыкка учурады»,- сыяктуу билдирүүлөрдүн чындыкты чагылдырбаганын жарыялаган.

Тектеш кабарлар