Жаңы Зеландияда эки мечитке жасалган кол салуулардын курмандыктары эскерилүүдө

Крайстчерч шаарындагы эки мечитке жасалган террордук кол салууда каза болгондор төртүнчү жылында эскерилүүдө.

1960336
Жаңы Зеландияда эки мечитке жасалган кол салуулардын курмандыктары эскерилүүдө

2019-жылдын 15-мартында Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы эки мечитке жасалган террордук кол салууда каза болгондор төртүнчү жылында эскерилүүдө.

Королдук комиссиянын кол салуулар боюнча отчетунан жооптуу министр Эндрю Литтл 2019-жылы Нур жана Линвуд мечитине жасалган террордук кол салуулар тууралуу пресс  - жыйын өткөрдү.  

Террордук кол салууда каза болгондорду эскергендерин белгилеген Литтл : «Өкмөт жаңы зеландиялыктарга карата террор жана зомбулукту камтыган экстремизм коркунучун азайтууда чечкиндүү",- деди.

Литтл кол салуу тууралуу  Австралия, Индонезия, Бруней, Малайзия, Жаңы Зеландия, Сингапур жана Таиланд, Филиппиндердин катышуусу менен уюштурлган  «Терроризм менен күрөшүү жана трансулуттук коопсуздук» жыйынына катышуу үчүн Австралияга  барарын белгиледи.

Жаңы Зеландиянын Ислам коомдору федерациясынын (FIANZ) сайтындагы кол салууларга байланыштуу билдирүүдө : «Бул күн өлкөнүн шейиттердин үй  - бүлөлөрүн жана террордук кол салуудан кутулгандарды эскерүү күнү»,- деп айтылды.

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарында  2019 -  жылы 15 -  мартта жума намазы учуурнда 10 минуталык аралык менен эки мечитке жаслаган террордук кол салууларда 51 киши каза болуп,49 киши жаракат алган.

 



Тектеш кабарлар