Иран, Россия, Кытайдын деңиз машыгуусу башталды

Инд океанынын түндүгүндө өткөрүлө турган машыгуунун 5 күнгө созула турганы билдирилди.

1960101
Иран, Россия, Кытайдын деңиз машыгуусу башталды

Иран, Россия жана Кытайдын деңиз күчтөрү Инд океанында биргелешкен машыгууларды баштады.

Иран армиясынын деңиз күчтөрү командирлигинин видео бөлүшүүсүндө Инд океанынын түндүгүндө өткөрүлө турган машыгуунун 5 күнгө созула турганы билдирилди.

Бүгүн башталган машыгууга Төңкөрүш гвардиясынын аскердик жана деңиз күчтөрүнүн катыша тургнадыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар