Малавиде «Фредди» бороону: 99 адам каза болду

Дүйнөлүк метеорология уюму, Фреддинин тарыхтын эң узакка созулган бороону болушу мүмкүн экенин жарыялаган.

1959252
Малавиде «Фредди» бороону: 99 адам каза болду

Малавиде «Фредди» бороонунан кеминде 99 адам каза болуп, көп сандаган киши дайынсыз жоголду.

Улуттук табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгынын директору Чарльз Калемба жергиликтүү басма сөз кызматкерлерине берген маалыматында, апааттан улам каза болгондордун саны 99га жеткенин, дайынсыздарды издөө- куткаруу иштеринин уланып жатканын айтты.

Катуу шамалдан улам 134 кишинин жаракат алганын белгилеген Калемба, каза болгондордун 85инин Блантайр шаарынан экенин билдирди.

Блантайр шаарында катуу шамал жана жамгырдан улам сел жүрүп ондогон үй жарактан чыкты. Мындан тышкары, сел жана суу ташкындарынын себебинен шаардын айрым аймактарына кирүү мүмкүн болбой калганы маалымдалды.

Коңшу Мозамбикте да бороондун таасири дагы деле уланып, кээ бир аймактарда билим берүү токтотулду.

Дүйнөлүк метеорология уюму, өткөн айда биринчи жолу пайда болгон жана 21-февралда Мадагаскарды, 3 күндөн кийин Мозамбикке таасир эткен Фреддинин тарыхтын эң узакка созулган бороону болушу мүмкүн экенин жарыялаган.

Мадагаскарда болжол менен 226 миң, Мозамбикте 163 миң кишиге таасирин тийгизген биринчи бороондо ондогон адам каза тапкан.



Тектеш кабарлар