Германиянын учактары орус учактарына каршы асманга көтөрүлдү
Германиянын аба күчтөрүнүн басма сөз катчысы, Германиянын маалымат агенттигине (DPA) жасаган билдирүүсүндө, немистердин Eurofighter согуштук учактарынын экипаждары Балтика деңизинин үстүндө орус аскердик учактарын аныкташканын айтты..

Германиянын аба күчтөрү Балтиканын аба мейкиндигин Орусиянын аба күчтөрүнө каршы коргоо үчүн 27 жолу абага көтөрүлүүгө туура келгени маалымдалды.
Германиянын аба күчтөрүнүн басма сөз катчысы, Германиянын маалымат агенттигине (DPA) жасаган билдирүүсүндө, немистердин Eurofighter согуштук учактарынын экипаждары Балтика деңизинин үстүндө орус аскердик учактарын аныкташканын айтты..
Балтиканын аба мейкиндигинде транспондер сигналы же радио байланышы жок белгисиз учак табылганда Eurofighter согуштук учактарына эскертүү берилгенин белгилеген басма сөз катчысы, НАТОнун Чыгыш канатынын бул аймагындагы аба мейкиндигин коргоо үчүн 2022-жылдын жай айларынан бери Эстонияга 150дөн ашуун немис аскеринин жайгаштырылганын билдирди.
Басма сөз катчы НАТОнун миссиясынын алкагында немис аба күчтөрү 2022-жылдын августуна карата Балтиканын аба мейкиндигин орус аба күчтөрүнө каршы коргоо үчүн 27 жолу абага көтөрүлүшү керек болгонун белгиледи.
Немис-Британия биргелешкен өндүрүштүк «Тайфун» үлгүсүндөгү учактын Балтика өлкөлөрү жана Балтика деңизинин үстүндө эл аралык аба мейкиндигинде патрулдук учууларды аткарганы белгиленди.
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер шаршемби күнү Эстониядагы Амари авиабазасына бара турганы жана ал жерден миссиясы тууралуу маалымат ала турганы белгиленди.
Тектеш кабарлар

Песков: «Эрдоган менен Путин жакынкы аралыкта жолугушат»
Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берди.