Дан коридору келишими

Песков борбор шаар Москвада актуалдуу темалар боюнча журналисттерге маалымат берди.

1959641
Дан коридору келишими

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, мөөнөтү 18-мартта бүтө турган Дан коридору келишиминин Орусияга тиешелүү бөлүгүн ишке ашырууга үмүттөнүшкөндөрүн айтты.

Песков борбор шаар Москвада актуалдуу темалар боюнча журналисттерге маалымат берди.

Түркия, Украина, Орусия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортосунда 22-июлда Стамбулда кол коюлган Дан коридору келишиминин узартылышы темасына көңүл бурган Песков: "Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Келишимдин экинчи бөлүгүн (орусиялык айыл чарба азыктарын жана жер семирткичтерди ташуу) ишке ашыруу керек дегенге бардыгы макул. Орус тараптын жакшы ниетине ылайык экинчи бөлүктүн ишке ашарына ишенебиз",- деди.

БУУнун бул темадагы демилгелерине жогору баа беришкенин, бирок БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин келишимдин алкагында Батыш жараткан тоскоолдуктарга туруштук бере албаганын баса белгилеген Песков: «Келишим бир багытта жүрө албайт, жалпысынан узартуу шарттары болжолдуу»,-деп айтты.

Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө көңүл бурган Песков: "Москванын бардык талаптары белгилүү. Иш жүзүндөгү кырдаал жана жаңы реалдуулуктар да белгилүү. Бул татаал маселелер эске алынбастан тынчтык жолуна өтүү мүмкүн эмес",-деди.



Тектеш кабарлар