Францияда пенсия реформасына каршы демонстрациялардан улам Парижде таштанды жыйындысы...

Француз басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, эл чогулган топ шаардын негизги кире беришиндеги Турне көпүрөсүн жол кыймылына жапты.

1958969
Францияда пенсия реформасына каршы демонстрациялардан улам Парижде таштанды жыйындысы...

 

Франциянын Лилль шаарында талаштуу пенсия реформасына каршы иш таштоону баштаган демонстранттар көпүрөнү жолго жаап, транспорттун үзгүлтүккө учурашына себепкер болушту.

Француз басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, эл чогулган топ шаардын негизги кире беришиндеги Турне көпүрөсүн жол кыймылына жапты.

Пенсия курагын акырындык менен 62ден 64кө көтөрүүнү караган реформага нааразы болгон демонстранттардын акциясынан улам эртең менентен бери транспортто үзгүлтүккө учуроолор болуп жатат.

Топтун башка көпүрөлөрдү көздөй бара жатканы айтылууда.

Аймакка коопсуздук күчтөрү келип, демонстранттардан көпүрөнү ачууну суранышты.

Мамлекеттик чыгашалардан жооптуу министр Габриэль Аттал да тазалоочу жумушчулардын иш таштоосун урматтаарын, бирок иш таштоодон улам борбор шаар Парижде үйүлгөн таштандылардын «коопсуздук» жана «ден соолук» үчүн көйгөй жаратып жатканын айтты.

Француз BFMTV каналынын кабарына караганда, Аттал буга каршы чара көрүлүшү керектигин жана «ишке мажбурлоо» процедурасы киргизилиши мүмкүн экенин баса белгиледи.

Парижде 5400 тонна таштанды үйүлгөнү айтылууда.

Франциянын премьер-министри Элизабет Борне 10-январда Эммануэль Макрондун шайлоо алдындагы убадаларынын арасында болгон пенсия реформасы ишке ашарын билдирген.

Пенсия жашы 62 болгон өлкөдө мыйзамдуу пенсия жашынын жыл сайын 3 айга акырындап көбөйтүлүп, 2030-жылы 64кө көтөрүлөрүн белгилеген Борне, 2027-жылы пенсияны толук алуу максатында киргизилген 43 жылдык төлөм талабы болоорун айткан.

19-январдан бери өлкө боюнча талаштуу реформага каршы бир нече иш таштоо жана нааразылык акциялары өтүп жатат.

Реформанын «пенсия курагын 62 жаштан 64кө акырындык менен жогорулатууну караган» эң талаштуу беренесин 9-мартта кабыл алган Сенат, реформанын башка беренелерин 12-мартта кабыл алды.

Андан кийин Биргелешкен комиссияга бара турган реформа Сенатта кайрадан добушка коюлуп, андан соң акыркы добуш берүү үчүн Улуттук Жыйынга жөнөтүлөт.



Тектеш кабарлар