Израиль аскерлеринин кол салуусунан 3 палестиналык каза болду

Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында орун алды.

1958445
Израиль аскерлеринин кол салуусунан 3 палестиналык каза болду

Оккупацияланган Батыш Шерианын түндүгүндөгү Наблус шаарына жакын жерде Израиль аскерлеринин кол салуусунан 3 палестиналык каза болду.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында,« (Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна караштуу) Граждандык иштердин башкы кеңеши Наблустун жанында оккупанттардын аткылоосунун натыйжасында 3 палестиналыктын курман болгондугун бизге билдирди»,деп айтылды.

Палестинанын мамлекеттик телеканалы да Израиль армиясынын Наблус шаарына жакын жердеги аскердик көзөмөл пунктунда палестиналык унааны бутага алганын билдирди.

Баяндамада башка эч кандай маалымат камтылган эмес.

Бир тараптан Израиль армиясынын басма сөз катчысы Авичай Адрае, Наблустагы «куралдуу кагылышууда» 3 палестиналыктын каза болгонун, бир кишинин да кармалганын билдирди.

Билдирүүдө окуяда израилдик аскерлердин жараланбаганы белгиленди.

Ошол эле учурда Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шериада 10 палестиналыкты кармап кетти.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Израиль күчтөрү Батыш Шериадагы Калкиля жана Бетлехемдеги Баттир шаарчаларына операция жүргүздү.

Калкиля шаарында 5, Баттир шаарында 5 палестиналык Израиль күчтөрү тарабынан унааларына таш ыргытканы дооматы менен кармалды.

Басып алынган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста байма-бай рейддерди уюштурган Израиль күчтөрү ар кандай шылтоо менен палестиналыктарды камоодо.



Тектеш кабарлар