ДССУ натрийдин азайтылышы тууралуу отчет жарыялады

Отчетко караганда дүйнө 2025 - жылга чейин натрийди керектөөнү дүйнөлүк деңгээлде 30 пайызга азайтуу максатынан алыстап баратат.

1958015
ДССУ натрийдин азайтылышы тууралуу отчет жарыялады

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму көптөгөн ооруларды козгогон натрийди ашыкча керектөөнү  азайтуу адам өмүрүн сактап калаарын билдирди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму биринчи жолу натрийдин азайтылышына байланыштуу глобалдык отчет жарыялады.

Отчетко караганда дүйнө 2025 - жылга чейин натрийди керектөөнү дүйнөлүк деңгээлде 30 пайызга азайтуу максатынан алыстап баратат.

Отчетто көз караштарына орун берилген ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус : «Туура эмес тамактануу өлүм жана оорулардын себеби, ашыкча натрий колдонуу да маселелердин негизги булактарынын бири»,- деди.

Гебрейесус отчеттун бир нече өлкөнүн мажбур түрдө натрийди азайтуу саясатын жактырбагандыгын жана адамдардын инфаркт, инсульт жана башка маселелер менен бетме  - бет келгенин чагылдыргандыгын айтты.

ДССУнун бардык өлкөлөргө натрий колдонууну азайтууга чакыруу салгандыгын эске салган Гебрейесус өндүрүүчүлөргө да азык  - түлүктөрдөгү натрий үчүн ДССУнун критерияларын ишке ашырууну сунуш кылды.

ДССУга мүчө өлкөлөрдүн 5 пайызы гана мажбур түрдө жана кенен түрдө натрийди азайтуу боюнча саясаттары менен коргонсо, мүчө өлкөлөрдүн 73 пайызы мындай саясатты толук ишке ашырбай жатат.

Натрийди азайтуу боюнча үнөмдүү саясаттар менен 2030 - жылга чейин дүйнө жүзү боюнча болжол менен 7 миллион адамдын өмүрүн сактап калууга болот. Бирок бүгүнкү күндө бир гана Бразилия, Чили, Чехия, Литва, Малайзия, Мексика, Сауд Арабиясы, Испания жана Уругвай натрийди колдонууну азайтуу үчүн сунушталган саясатты ишке ашырууда.



Тектеш кабарлар