Захарова Москвада маалымат жыйынын өткөрдү

Захарова: «13-мартта Женевада орусиялык делегациянын жана БУУнун жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусунда консультацияларды өткөрүү пландалууда».

1957589
Захарова Москвада маалымат жыйынын өткөрдү

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, 13-мартта Швейцариянын Женева шаарында орус делегациясы менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрүнүн ортосунда дан келишими боюнча жыйын болорун билдирди.

Захарова борбор шаар Москвада өткөргөн апталык маалымат жыйынында Түркия, Украина, Орусия жана БУУнун ортосунда 22-июлда Стамбулда кол коюлган дан ташуу келишиминин узартылышына токтолду.

Захарова: «13-мартта Женевада орусиялык делегациянын жана БУУнун жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусунда консультациялардын өткөрүлүшү пландалууда. Бул жыйында дан келишими талкууланат»,- деди.

Захарова Орусиянын айыл чарба азыктарын жана жер семирткичтерин ташууда тоскоолдуктар жоюлмайынча келишимдин узартылышынын күмөн экенин жүйө келтирди.

Түндүк Агым 1 жана эки жаратылыш газ куурунда өткөн жылы болгон жарылууларга да токтолгон Захарова Германия, Швеция жана Даниядан Орусиянын катышуусунда көз карандысыз жана кеңири иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылгандарын айтты.

«Бул талаптар эске алынган жок. Батыш бул маселе боюнча Орусия Федерациясы менен кандайдыр бир сүйлөшүүдөн качууда»,- деген Захарова жардырууларга байланыштуу ачык жана айкын иликтөө жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар