Украинада согуштан качкандардын 11 миллиону өлкөлөрүнө кайтышты

Россия - Украина согушунан качып, Европа Биримдигине  баш калкалаган 16 миллион украиналыктын 11 миллиону өз өлкөлөрүнө кайтты.

1957207
Украинада согуштан качкандардын 11 миллиону өлкөлөрүнө кайтышты

Россия - Украина согушунан качып, Европа Биримдигине  баш калкалаган 16 миллион украиналыктын 11 миллиону өз өлкөлөрүнө кайтты.

Европа Биримдиги Комиссиясынын Ички иштер боюнча жооптуу мүчөсү Йлва Йоханссон 2022-жылдын 24-февралында башталган согуштан кийин украиналык качкындар үчүн убактылуу коргоо директивасы чыккандан бери өткөн бир жыл тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

Согуштан кийин Европа Биримдигине 16 миллион украиналыктын баргандыгын белгилеген Йоханссон : «Алардын 11 миллиону Украинага кайтып келген. 1 миллиону Европа Биримдигинен АКШ, Канада,  Британия жана башка өлкөлөргө кеткен. 4 миллионго жакын украиналык Европа Биримдиги аймагында калды",- деди.

Бир журналисттин 11 миллион украиналыктын согуш улантылып жаткан өлкөлөрүнө кайтуусунун себебине байланыштуу берген суроосуна : «Кайткандар менен сүйлөштүм. Бул жерде бактылуу эмес экендерин айтуу үчүн эч бир себеп жок. Бул жерде өздөрүн жакшы сезип жатышат бирок бир тобу балким балдарын бул жердеги туугандарынын жанына таштап, согушуу, иштөө же орус агрессиясына каршы согушууга катышуу үчүн кайтышты»,- деп жооп берди.

Йоханссондун айтымында, жума сайын 200 миңге жакын украиналык Европа Биримдигине кирип-чыгууда.

Европа Биримдиги комиссиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, убактылуу коргоого алынган 4 миллион кишинин аталган директиванын аркасында иштөө, билим алуу, ден соолук жана баш калкалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону белгиленди.

Билдирүүдө балдардын өзгөчө коргоого алынгандыгы жана Украинадагы балдардын бештен бир бөлүгү учурда Европа Биримдигинде экендиги ортого салынды.

Ошондой эле билим берүүгө жана кесиптик билим алуу жактан да 2022 -  жылы сентябрь айында окуу жылынын башталышы менен жарым миллионго жакын украиналык баланын жалпы Европа Биримдигиндеги билим берүү системаларына катталгандыгы билдирилди.

2 миңге жакын украиналык бейтаптын Европа Биримдигинин 20 өлкөсүнө эвакуациялангандыгы, жер которгон 1 миллион кишинин да Европа Биримдигинде иш мүмкүнчүлүгүн тапкандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар