Түндүк Корея баллистикалык ракетасын учурду
Билдирүүдө кыска аралыкка учуучу ракетанын алыстыгы тууралуу маалымат бөлүшүлгөн жок.
Түштүк Корея армиясы, Түндүк Корея тарабынан деңизди көздөй учурулган кыска аралыкка жетүүчү баллистикалык ракетаны аныктаганын жарыялады.
Түштүк Кореянын Башкы штабынын билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн чыгыш жээгине жакын сууларга түшкөн баллистикалык ракета Түндүк Кореянын Нампо шаарынан учурулду.
Билдирүүдө кыска аралыкка учуучу ракетанын алыстыгы тууралуу маалымат бөлүшүлгөн жок.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо Жонг мурунку күнү жасаган билдирүүсүндө, өлкөсүнүн ракета сыноолоруна АКШнын бөгөт коюусунун согуш жарыялоо катары эсептелерин айткан.
Америкалык чалгын кызматтарынын отчетторуна караганда, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын “Түштүк Корея менен АКШга каршы стратегиялык артыкчылыкка ээ болуу” үчүн алыс аралыкка учуучу жана өзөктүк ракеталык долбоорлордон баш тартууну көздөбөйт.