Мозамбикте бороон жана селдерден 117 адам каза болду

Мозамбиктин премьер-министри Адриано Малеяне парламентте сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө бороон жана селден улам каза болгондор жана кыйроолор тууралуу маалымат берди.

1957288
Мозамбикте бороон жана селдерден 117  адам каза болду

Инди океанынын жээгинде жайгашкан Чыгыш Африка өлкөсү Мозамбикте бороон жана суу ташкындарынан улам февраль айынан бери 117 адам каза болду.

Мозамбиктин премьер-министри Адриано Малеяне парламентте сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө бороон жана селден улам каза болгондор жана кыйроолор тууралуу маалымат берди.

Малеяне өткөн айдан бери бороон жана суу ташкындарынан 117 кишинин каза болгонун, апааттан 272 кишинин жабыркагандыгын жарыялады.

«Фредди» бороонунун да чоң зыян келтиргенине көңүл бурган Малеяне нөшөрлөгөн жамгырдын дарыя тилкелеринде ташкындап селге себеп болгонун баса белгиледи.

Малеяне 50 миң үйдүн кыйраганын, 686 класс жана 69  саламаттыкты сактоо борборунун жараксыз абалга келгенин, 11 миң километр жолдун бузулгандыгын, 73 миң гектар айыл чарба жеринин суу астында калгандыгын айтты.

Бороон жана селден улам ферма малдары да таасирленди.

Дүйнөлүк Метеорология Уюмунун билдирүүсүнө караганда, Африканын чыгышындагы Мадагаскар жана Мозамбикке экинчи жолу таасирин тийгизиши  күтүлгөн Фредди бороону тарыхтагы эң узакка созулган бороон болушу мүмкүн.



Тектеш кабарлар