АКШда дагы бир поезд кырсыгы болду

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, кырсыкка Нью-Ривер капчыгайынын улуттук паркынын аймагындагы таштардын рельске кулашы себеп болгон.

1957465
АКШда дагы бир поезд кырсыгы болду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Батыш Виржиния штатында жүк ташуучу поезддин рельстен чыгып кетишинин натыйжасында үч киши жаракат алды.Кырсыктан кийин мунай күйүүчү май жакын жердеги дарыяга аралашып кетти.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, кырсыкка Нью-Ривер капчыгайынын улуттук паркынын аймагындагы таштардын рельске кулашы себеп болгон.

Ташка урунган поезддин рельстен чыгып кеткени, кырсыкта жараланган экипаждан 3 кишинин дарылануудан өтүү үчүн тегеректеги ооруканаларга жеткирилгени, өмүрүнө коркунуч туудурган абалдын жок экени белгиленди.

Кырсыктан кийин жакын жердеги дарыяга кулаган вагон жана мунай цистернасынын кесепетинен дизель майы агынга куюлганы айтылды.

АКШнын Огайо штатынын Чыгыш Палестина шаарына жакын жердеги темир жолдо химиялык заттарды ташыган Norfolk Southern компаниясына таандык 150 вагондук поезддин 50 вагону 3-февралда рельстен чыгып кетип, жарылып кеткен. Кырсыктан кийин химиялык заттар айланага тарап, экологиялык кырсыкты жаратып, уулуу химикаттар көп болгондуктан тургундарды эвакуациялоо чечими кабыл алынган. Кырсык болгондон 3 күндөн кийин үйлөрүнө кайтып келе алган конуш тургундары башы ооруп, көздөрү күйүп, жөтөл жана алсыз болуп жатканын айтып, тегеректеги жаныбарлардын өлүмү тууралуу маалымат массалык маалымат каражаттарына да жарыяланды.

4-мартта Огайо штатынын Спрингфилд шаарында ушул эле компаниянын экинчи поезд кырсыгында 20 вагон рельстен чыгып кетип, кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар болгон эмес.



Тектеш кабарлар