Швециянын премьер-министринин моюнга алуусу...

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен борбор шаар Стокгольмдо биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1956381
Швециянын премьер-министринин моюнга алуусу...

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон террордук уюмдардын каржылык иш-аракетине олуттуу мамиле жасабагандарын моюнга алды.

Ульф Кристерссон НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен борбор шаар Стокгольмдо биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Кристерссон өз сөзүндө терроризмге каршы күрөшкө сөздү алып келди.

Швециянын мурда өлкөдө террордук уюмдардын каржылык иш-аракеттерин жетиштүү деңгээлде олуттуу карабаганына көңүл бурган Кристерссон: «Азыр муну олуттуу кабыл алуудабыз. ПККга акча чогулткан адамдардын түрдүү кылмыш ыкмаларын колдонорун жана террорду каржылап жатканын билебиз. Өкмөттүн уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүгө көңүл бурушу ПККнын ишин кыйындатат»,-деди.

Швеция парламентинде 9-мартта террорго байланыштуу жаңы жаза мыйзамынын добушка коюла турганын белгилеген Кристерссон: «Бул мыйзам менен террордук уюмдарга кошулууга жана каржы берүүгө тыюу салынат. Мыйзам 1-июндан тарта күчүнө кирет»,-деди.

Эл аралык терроризм менен күрөшүү үчүн өлкөсүнүн бул мыйзамга муктаж экенин белгилеген Кристерссон: «Швеция, Финляндия жана Түркиянын үчтүк меморандуму террордук уюмдар менен биргелешип күрөшүүнү талап кылат»,-деп айтты.

Түркия 28-июнда Испаниянын Мадрид шаарында өткөн НАТО саммитинде мүчөлүк үчүн арыз берген Финляндия менен Швецияга вето койду. Террордук уюмдарга ачык колдоо көрсөткөн эки өлкө менен протокол түзгөн Анкара берилген убадалардын аткарылышын күтүп жатат.



Тектеш кабарлар