НАТО: "Бахмут жакында Орусиянын колуна өтүшү мүмкүн"

Столтенберг Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин Швециядагы жыйынына катышты.

1956788
НАТО: "Бахмут жакында Орусиянын колуна өтүшү мүмкүн"

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, орус жана украин күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар уланып жаткан Украинанын Бахмут шаарынын жакында Орусиянын колуна өтүшү мүмкүн экенин айтты.

Столтенберг Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин Швециядагы жыйынына катышты.

Жыйындын алдында журналисттерге билдирүү жасаган Столтенберг, Бахмут жана айланасында акыркы жумаларда катуу кагылышуулардын болгонун, Орусиянын бул жерге дагы көп аскерин жайгаштырганын айтты.

Орус күчтөрүнүн олуттуу жоготууга учураганын белгилеген Столтенберг: «Ошол эле учурда Бахмуттун жакынкы күндөрдө кулашы мүмкүн экенин да көз жаздымда калтыра албайбыз. Бул абалдын согушта бурулуш жери болбой турганын баса белгилей кетели. Украинага колдоо көрсөтүүнү улантышыбыз керек»,-деди.

НАТО союздаштарынын Украинага өткөн жылы 150 миллиард евролук аскердик, финансылык жана экономикалык колдоо көрсөткөнүн белгилеген Столтенберг, мунун 65 миллиард евросунун аскердик колдоо экенин билдирди.

Украинага колдоо көрсөтүү менен бирге өзүнүн курал-жарак жана ок-дары запастарын толук кармоо зарылдыгын баса белгилеген Столтенберг, коргоо өнөр жай өндүрүшүн көбөйтүү менен катар НАТОнун кээ бир союздаштарынын биргелешкен сатып алуулар темасындагы иш-аракеттердин уланып жатканын айтты.



Тектеш кабарлар