Австралияда токой өрттөрү өчпөй жатат

Жаңы Түштүк Уэльстин өрт өчүрүү кызматтарынын билдирүүсүндө провинциянын борбор шаары Сидней менен катар көптөгөн аймактарда ысык аба ырайынан улам башталган 33 өрттүн 10унун дагы эле көзөмөлгө алына электиги белгиленди.

1956797
Австралияда токой өрттөрү өчпөй  жатат

Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штатында (NSW) 5-мартта башталган жана толугу менен көзөмөлгө алына албаган өрттөрдөн 2 миң гектардан ашуун токой аянты күлгө айланды.

Би-Би-Синин кабарына караганда, Жаңы Түштүк Уэльстин өрт өчүрүү кызматтарынын билдирүүсүндө провинциянын борбор шаары Сидней менен катар көптөгөн аймактарда ысык аба ырайынан улам башталган 33 өрттүн 10унун дагы эле көзөмөлгө алына электиги белгиленди.

Билдирүүдө, катуу шамалдын жалындын ылдам жайылышына себеп болгону белгиленип, өрт чыккан аймакта жашагандардын эвакуацияланганы үчүн чакырык салынганы белгиленди.

Азырынча толук көзөмөлгө алынбай жаткан тилсиз жоодон 2 миң гектардан ашуун токой аянтынын күл болгондугу билдирилип, күн күркүрөшү менен кошо келген шамалдын аймакта жаңы өрттөрдү пайда кылышы мүмкүн экендиги эскертилди.

Алгачкы аныктамалар боюнча өрттө адам өмүрү кыйылган жок, бирок аймактагы кээ бир үйлөрдүн зыянга учураганы аныкталды.

Австралиянын NSW штатында дүйшөмбү күнү абанын температурасы 40 градустан ашканы, бул болсо 2021-жылдын январь айынан бери эң ысык күндөр болгону айтылды.

Австралиянын NSW, Квинсленд, Виктория жана Түштүк Австралия штаттарында 2019-жылдын сентябрь айында башталып, болжол менен 6 айга созулган болуп көрбөгөндөй масштабдуу токой өрттөрүнөн 34 киши түздөн-түз жабыркап, түтүн сыяктуу зыяндуу таасирлерден улам 445 адам каза болгон.

Өлкө тарыхында «Кара жай» деп аталган өрттүн кесепетинен 18 миллион гектардан ашуун жер кыйрап, 3500 үй жана 5852 имарат күйүп, көптөгөн жаныбарлар кырылып калган.



Тектеш кабарлар